Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз кароодон өткөрүшөт

17-июлда Саламаттык сактоо министрлиги Кореядан келген дарыгерлер Бишкекте тургунарды акысыз кароодон өткөрүп жатканын билдирди

Текшерүү 17-19-июль күндөрү Тоголок Молдо көчөсү 1/7 дарегинде жайгашкан Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында жүргүзүлөт. Тургундар көз, кулак, тиш дарыгери, терапевт, кардиолог, аллерголог, педиатр, гастроэнтеролог жана башка адистерден кеңеш ала алышат.

Кабыл алуу саат 08:00дөн 17:00гө чейин жүргузүлөт. Дарыгерге көрүнүү үчүн тургундардан паспорт жана буга чейинки текшерүүлөр менен анализдердин жыйынтыгы талап кылынат.

Акысыз текшерүү «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Корея элчилиги жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

«Кыргыз дарыгерлери корей кесиптештеринен тажрыйба алмашуу максатында бирге иш алып барышууда» — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев.

Буга чейин, Кытайдын Нанкин медициналык университетинин адистери Бишкекте 6-июлдан 13-июлга чейин аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте Кытайлык дарыгерлер аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт

Катардан келген врачтар угуусу начар 29 баланын кулагына операция жасайт