Баткенде мобилдик клиника тургундарды акысыз текшерүүдө

Баткен облусунда 13-майдан бери Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары мобилдик клиника тарабынан акысыз медициналык кароодон өтүүдө. Бул тууралуу 18-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашык тургун терапевт, уролог, гинекологдордон кеңеш алды.

Андан сырткары ВИЧ, вирустук гепатит В жана С, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 1695 адам экспресс-тестирлөөдөн өтүп, 172 жаранга гепатит В илдетине каршы вакцина жасалды.

Мобилдик клиника Баткен облусунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү үстүбүздөгү жылдын 7-августуна чейин төмөнкү аймактарда улантат:

Миң-Чынар, Жаш-Тилек, Ак Калпак, Бүргөндү, Кайтмас, Кыргыз-Кыштак, Алга, Ноогардаш, Халмион, Гулистан, Орозбеков, Совхоз, Кулунду, Көк-Талаа, Марказ, Бак, Арпа-Сай, Исфайрам.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз кароодон өткөрүшөт