«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карабаев тергөө абагына камалды

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карабаев камакка алынды. Бул тууралуу 9-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Карабаевдин баш коргоо чарасы 6-октябрда каралды. Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн аны 16-октябрга чейин камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды.

Жергиликтүү басылмалар башкы архитектор «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалганын жазды. Атайын кызмат бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Урмат Карыбаев «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкектин Түштүк аймагынын архитекторуна коррупция боюнча айып тагылды

Бекешев: Мурда Максим Бакиевге таандык жерлер Президенттин иш башкармалыгына өттү