Кыргызстан Евробиримдиктен билим берүү тармагына 7 млн евро грант алды

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына грант катары 7 млн евро (665 млн сом) бөлдү. Бул тууралуу 9-октябрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

«7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана», — деп билдиришти ведомстводон. 

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, аталган программа аркылуу билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын, гендердик теңчиликти жана көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, ошондой эле мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт. 

Бул каражаттар, министрликтен кошумчалашкандай, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана өлкөнүн бардык мектептерин интернет менен камсыздоого жумшалат.  

Кыргызстандын билим берүү тармагы эң көп каражат бөлүнгөн тармак бойдон калууда. Бирок Бүткүл Дүйнөлүк банктын изилдөөсү көрсөткөндөй, билим берүүнүн сапаты жогорулаган эмес. 

Алар Кыргызстандын 2014-жылдан 2019-жылга чейинки аралыктагы чыгымдарынын натыйжалуулугуна баа беришкен. Эксперттер өз изилдөөсүндө билим берүү тармагына чыгымдар байкаларлык өскөнүнө карабастан, билим берүүнүн натыйжасы төмөн боюнча, ал эми мектепке чейинки жана толук орто билим менен камсыздоо көйгөйлүү бойдон калып жатат деген тыянакка токтолушкан.   

Мындан тышкары, быйыл жаңы окуу жылынын башында мектептерде китептердин жетишсиздигине байланыштуу чуу чыккан. Бул чуунун шартында ошол кезде министр болуп иштеп жатканын Каныбек Иманалиев кызматынан алынган. Президенттин администрациясы Иманалиев «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» кызматынан бошотулду деп түшүндүргөн.