Мадумаровдун жүрөгүнө тез арада операция жасалышы керектиги айтылды

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өттү. Бул тууралуу 10-октябрда эл өкүлүнүн жактоочусу Юлия Богданова «Азаттык» басылмасына билдирди

Маалыматка ылайык, Мадумаровдун ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт. 

Жактоочу ишке «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан эч кандай маалымат алуу мүмкүн болбой жатканын жана эл өкүлүнө юридикалык жардам берүү оорлошконун айтты. Богданованын билдиришинче, Мадумаровдун колуна айыптоо актысы бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.

«Биз эми соттун адилеттигине ишенип турабыз. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесинин негизинде коюлган айып негизсиз. Мадумаров өзү муну ага каршы атайын жасалып жаткан иш деп баалоодо», — деди жактоочу.

Ал эми саясатчынын дагы бир жактоочусу Кубанычбек Туманов эл өкүлүнүн жүрөгүн текшерген убактылуу медициналык аппарат тагылганын, 26-сентябрга караган түнү «анын жүрөгү төрт жолу токтогону аныкталганын» билдирди. Жактоочунун айтымында, УКМКнын ооруканасынын кардиологу «Мадумаровго тезинен операция жасоо керектигин» айткан. 

«Бирок биз ушул күнгө чейин Мадумаровду ооруканага чыгарып, ден соолугун карата албай жатабыз», — деп билдирди Туманов.

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алган. 

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.  

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген. 

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.  

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын бузуп атканы үчүн сындап жүргөн.

Буга чейин, 26-сентябрда «Мамлекеттик чыккынчылык» айыбы тагылган, абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн «Чынар» сейил багына чогулган. Алар саясатчыны бошотууну талап кылышмак.

Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынган деген жүйө менен чогулгандарды таратып жиберген. Ага чейин бул тууралуу кабарланган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаровдун адвокаты депутат дагы бир иш боюнча ИИМге сурак бергенин айтты

Мадумаровдун тарапташын куралчан бирөөлөр кармап кетишкени айтылууда

ИИМ Адахан Мадумаров «мамлекеттик чыкынчылыкка» айыпталып жатканын тастыктады