Мадумаровдун тарапташын куралчан бирөөлөр кармап кетишкени айтылууда

23-сентябрда абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташы Замирбек Шамшидин уулун ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын алдынан куралчан белгисиз бирөөлөр алып кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына саясатчынын уулу Динмухаммед Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, депутаттын тарапташтары аны колдоо үчүн тергөө башкармалыгына чогулган. Ошол учурда белгисиз бирөөлөр Шамшидин уулун эч кандай түшүндүрмөсүз кармап кетишкен.

Анын кармалганы боюнча УКМКдан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов «бул боюнча тиешелүү кызматтардан сураганын» айтып, маалымат болсо жөнөтүүнү убадалады.

Эртең менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, абактагы Адахан Мадумаров жактоочусуз эле тергөө башкармалыгына жеткирилгени айтылган.

Мадумаровдун кармалышы

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган.

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген.

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын буузуп атканы үчүн сындап жүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖК Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзө алган жок

Акыйкатчы институту: Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди