Нарматова саламаттык сактоо министринен тууганына кызмат сураганы боюнча жооп берди

Материал 15:30да жаңыланып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин пикири кошулду.

ЖМКда депутат Надира Нарматованын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден тууганын М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жумушка орноштурууну суранып жаткан видеосу тарады.

Видеодо атминерлер 9-октябрда парламенттин күтүү залында ачык эле сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Окуяга журналист жана каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева күбө болгон.

Анда Бейшеналиев «кардиологияга бара берсин, жумушка орноштуруп коём» деген соң, кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Нарматова министрдин жардамчысына телефон номерин берип, «мага жазып кой, резюмесин жөнөтөм» деген.

Андан кийин Бейшеналиев Нарматовага кайрылып, «жалпы хирургия болсо, киргизип коёт» деп жооп берген.

Азырынча Саламаттык сактоо министрлигинен видео боюнча жана Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаңы жумушка орношкондор тууралуу комментарий бере элек.

Нарматова эмне дейт?

Ал эми Надира Нарматова «Клоопко» министрден тууганына кызмат сураганын четке кагып, «жөн эле каралап жазып жатышат» деп билдирди.

«Алымкадыр Бейшеналиев башка өздөрүнүн кызматы боюнча сүйлөшүп жаткан. Мен ага маани деле берген эмесмин, жанындагы жардамчысына жөн эле адам катары сүйлөп жаткам. Ал жерде мен кызмат сураган сөз жок. Маңдайымда 24.kg’нин журалисти отурса кызмат сурагыдай келесоомунбу? Жөн эле жазып атышат», — деди депутат.  

Ошондой эле Нарматова мамлекеттик кызматта иштеген жакындары жок экенин айып, дарыгер болуп иштей турган тууганы да жок экенин баса белгиледи. 

«Болгону эки балам бар, экөө тең мамлекеттик кызматта иштебейт. Менден башка эч ким мамлекеттик кызматта иштебейт. Биздин уругубуз да иштебейт. Менин бир туугандарымдын бардыгы өзүнүн чарбасы менен алек», — деди ал.

Министр эмне дейт?

Бейшеналиев бул боюнча 24.kg басылмасына комментарий берди. Ал кээ бир адамдардын жакындарын жумушка орноштурууга жардам берип жатканын моюндап, муну саламаттык сактоо уюмдарындагы адистердин жетишсиздигинен улам жасап жатканын белгиледи.

«Мисалы Санкт-Петербургдан келишиптир. Эгер өз квалификациясын далилдесе баарына багыт берем, жаштарды кабыл алабыз. Негизинен аймактарга жөнөтөм», — деп ал «чет өлкөдөн миңдеген тууганын чакыртканын» кошумчалады.

Министр Нарматованын тууганы боюнча да жооп берип, аны жөн гана тиешелүү мекемеге жөнөтүп койгонун айтты. 

«Кардиологияда, кардиотерапияда адистер жетишсиз, баары кеткен, жеке ооруканаларга өтүп кетип, мамлекеттикте иштөөнү каалашпайт. Ал жаш окшойт, билбейм. Директорго жөнөттүм, төп келеби-жокпу карайт. Азыр ал жерде киши абдан жетишсиз. Кенедей нерсени төөдөй кылып... Түшүнө албай турум», — деди ал.

Министр оорукананын жетекчилиги кимди жумушка алып-албоону өздөрү чечет деп белгиледи.

Депутаттын чуулгандуу демилгелери

Жетинчи чакырылыш жаңыдан иштеп баштаганда Нарматова эл өкүлдөрүн жардамчы, кеңешчи, кызматтык унаа жана күйүүчү май менен камсыздоону талап кылган.

Жыл башында ал бозгун президент Курманбек Бакиевге жубайы Назгүл Төлөмүшеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтып,  ага узак өмүр каалоо менен бирге «күтүп алар элиңиз бар» деп эскерткен.

Кийин Нарматова чуулгандуу сунуштарды, мыйзам долбоорун демилгегеди. Ал 23 жашка чыга элек кыздарды жана аскердик кызмат өтөбөгөн жигиттерди чет өлкөгө чыгарбоо керектигин айткан.

Анын эң эле чуулгандуу демилгеси — коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору. Бул мыйзам Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга алар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюу сунушталып жатат. 

Мыйзам долбоорун адам укуктары боюнча иш алып барган бир нече уюм сынга алып, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.