17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Фейсбук барагына пост жазып, өлкөнүн бозгун президенти Курманбек Бакиевге жубайы Назгүл Төлөмүшеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты.
Баса, Нарматова Фейсбуктагы постун 11 жолу оңдоп, 11-версиясын калтырган.
«Жамандыгыңардын акыркысы ушул болсун» деген депутат айым, мурдагы президентке узак өмүр каалоо менен бирге «күтүп алар элиңиз бар» деп эскертти.
Мунун эмнеси туура эмес? Түшүндүрүп беребиз.
Эмне болду?
2023-жылдын 17-январында Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшева көз жумганы белгилүү болгон. Ал Беларустун Минск шаарында оорудан кайтыш болгону кабарланган.
Мезгилсиз дүйнөдөн кайткан 46 жаштагы Төлөмүшеванын сөөгү учак менен Кыргызстанга жеткирилип, 18-январда өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жерге берилери айтылган. Ал эми тажыяга Курманбек Бакиев катышабы же жокпу белгисиз бойдон калган.
Соцтармактын колдонуучулары маалыматты кызуу талкуулап, маркумдун жакындарына кайрат айткандар дагы болду. Ал эми парламент депутаты Надира Нарматова фейсбукка жазган постунда мурдагы президентке кайрат айтып, «жамандыгыңардын акыркысы ушул болсун» деп кайрылган.
«Калган өмүрүн сизге, уул, кызына берсин Аллахым. Өзүңүзгө ден соолук берсин. Кылым карыта жашаңыз [...] Жараткан сизге чексиз күч кубат берсин. Сизди сыйлап, күтүп алар элиңиз бар. Буюрса бул күндөр да өтөт. Ак ийилет, сынбайт», — деп жазган Нарматова.
Эмнеси туура эмес?
Кыргызда өлүм ак деп айтылып, дүйнөдөн өткөн кишинин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүү парз. Анткен менен, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 кишинин өлүмү менен аяктаган элдик кагылышуудан кийин Курманбек Бакиевге эл аралык издөө жарыяланып, сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.
Бакиев башкарган жылдар саясий буйрутма киши өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик басып алуусу, журналисттердин өлүмү жана коркутуулар менен эсте калган.
Үстүбүздөгү жылдын 17-январында, Башкы прокуратурадан мурдагы президент Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирген.
Көзөмөл органы буга чейин дагы Бакиев жана анын жакындары өзгөчө оор кылмыштарга айыпталганын, Кыргызстанга кайта турган болсо «токтоосуз камакка алынарын» бир нече жолу билдирген.
Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров Апрель элдик революциясында «коррупциялашкан бийлик кулатылганын» баса белгилеп, көз жумгандарды «кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган баатырлар» деп атаган.
Анан калса, Курманбек Бакиевдин өз учурундагы кеңешчиси жана коррупцияга каршы комиссары болгон Садыр Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден тартып эле калк арасында «Бакиевди реабилитациялоо» старт алды деген кептер тараган. Садыр Жапаров «мындай ушактарды айрым чагымчылдар» таратып жатат деп эсептеген.
Өз кезегинде УКМК төрагасы, президенттин жакын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев «Бакиевдерди эч ким реабилитациялоого аракет кылган жок» деп билдирген.
Мындай шартта, бийлик өкүлү, Жогорку Кеңештин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова эл алдында Бакиевди «күтүп алар элиңиз бар» деп айтып, «бул күндөр да өтөт» дегени расмий бийликтин позициясына каршы келет.
Кыргызстандыктар «Бакиев режимин» жектеп, расмий бийлик экстрадициялоо иштерин жандандырып жаткан чакта, кызмат адамынын бозгун президенти колдоого алып, «ак ийилет, сынбайт» дегени, жумшак айтканда, көп суроо жаратат.
Бакиевдин башкаруусу
Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Беларусга качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.
Кыргызстан он жылдан бери мурдагы президентти жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялоо аракетин жасап келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.
2022-жылдын августунда Башкы прокуратура Беларус бийлиги Курманбек Бакиевди «саясий себеп менен куугунтукталып жатат» деп эсептегендиктен Кыргызстанга өткөрүп бербей жатканын билдирген.
Надира Нарматова деген ким?
Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышына келген Нарматова мурда да парламентте депутат болгон. Ал — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү.
Жаңы чакырылыш жаңыдан иштеп баштаганда Нарматова эл өкүлдөрүн жардамчы, кеңешчи, кызматтык унаа жана күйүүчү май менен камсыздоону талап кылган.
Ал эми жаңы жылдын башы Нарматова үчүн резонанстуу билдирүүлөр менен коштолду. Январдын ортосунда парламентте «бир дагы орус жараны жок болгондуктан» депутаттарды кыргызча сүйлөөгө үндөгөн.
Ал эми Нарматованын сүйүктүү темасы — ЖМКлардын ишмердүүлүгүн жана жалпы эле сөз эркиндигин чектөө. Январда ал парламентте иштеген журналисттерди сындап, аларга Жогорку Кеңештин отурумдарын түз чагылдырууга тыюу салууну сунуштаган.
21-ноябрда Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга чыгарды. Түзөтүүлөр кабыл алынса коммерциялык эмес уюмдарды Орусиядагыдай «чет элдик агент» макамы, текшерүүлөр, отчёттор жана кылмыш жоопкерчилиги күтөт.
Долбоордун маалымкат-негиздемесинде Кыргызстанда 18,5 миң ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар бар деп жазылган. Нарматова алардын көпчүлүгү «мамлекеттин саясий турмушуна кийлигишет» деп эсептейт.
Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү депутат Надира Нарматованын Кылмыш жаза кодекси менен Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарга киргизүүнү сунуштаган өзгөртүүлөр басмырлоочу мүнөзгө ээ экенин айтып, мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылууда.
Алар мыйзам долбоору демократиянын принциптерине каршы келет жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн кыйла чектейт деп эсептешет.
Ал эми 12-октябрда эл өкүлү Дастан Бекешев Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан.