Бир видео менен: Путин Үркүн курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар койду

Орусиянын президенти Владимир Путин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан 1916-жылдагы Үркүн курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Путин менен бирге президент Садыр Жапаров менен маданият министри Алтынбек Максүров да жүрдү. 




Путин 12-октябрда эртең менен Бишкекке расмий сапары менен келген. Путин сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ЖККУнун Канттагы Авиабазасынын ачылышынын 20 жылдыгынын юбилейине катышары пландалып жатат. 

Мындан тышкары, 13-октябрда Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. 

1961-жылдагы Үркүн курмандыктарынын эстелиги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2016-жылы ачылган.

Үркүн деп кыргыз тарыхында Орусия империясынын колониалдык саясатына каршы көтөрүлүш аталат. Көтөрүлүшкө эркектерди Биринчи Дүйнөлүк согуштун аскердик-оруктук жумуштарга мобилизациялоо себеп болгон. Бирок улуттук-боштондук кыймылы жазалоочу отряддар тарабынан мыкаачылык менен басылган. Көтөрүлүштүн натыйжасында 16 миңден ашык киши курман болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жашаган 130 миңден ашуун тургун Кытайга катууча аргасыз болгон — алардын көбү жолдо баратып набыт болгон. Тарыхчылардын маалыматы боюнча, аталган аймактарда жашаган жергиликтүү калктын саны 40%га азайган.

Дагы окуңуз: Видео: «Эсимде» — Кыргызстандын тарыхындагы боштуктарды толуктаган изилдөөчүлөр