Путин Садыр Жапаров Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Орусиянын укуктук маалыматтар порталында айтылат

«Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык мамилелерин, союздаштыгын бекемдөөгө жана Евразия аймагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жапаров Садыр Нургожоевич Ардак ордени менен сыйланат», — деп айтылат жарлыкта.

Путин 12-октябрда эртең менен Бишкекке расмий сапары менен келген. Путин сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ЖККУнун Канттагы Авиабазасынын ачылышынын 20 жылдыгынын юбилейине катышары пландалып жатат. 

Мындан тышкары, 13-октябрда Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.