Ош: Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелген мэриянын мурунку кызматкери үй камагына чыкты

Ош шаардык мэриясы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары жана жеке компаниянын өкүлү үй камагына чыгарылды. Мурдагы мамкызматкер кызмат абалынан кыянат пайдаланып, тендерди утууга көмөктөшкөнү айтылган. Маалыматты 13-октябрда облустук соттон тастыкташты.

Шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы 26-сентябрда каралып, алар 15-октябрга чейин үй камагына чыгарылган. 

«Айыпталуучуга үй-камагындагы мөөнөттүн ичинде эркин жүрүүгө чек коюлган, кечки саат 22:00дөн баштап таңкы саат 06:00гө чейин турак-жайынан чыкпашы, ошондой эле белгилүү бир адамдар менен катташууга, кат кабар алууга жана жөнөтүүгө, түнкүсүн турак-жайын таштап кетүүгө, кылмыш иши өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн,  соттун уруксатысыз Ош облусунун чегинен сырткары чыгууга тыюу салынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Соттон аталган чектөөлөрдү көзөмөлдөө Ош ШИИБине жүктөлгөнүн белгилешти. Ошондой эле айыпталуучунун аракетиндеги кылмыш жосуну анча оор эмес кылмыштардын категориясына кирерин кошумчалашты.

22-сентябрда Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басарына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде иш козгогон

Алдын ала маалыматта төрт экскаватор алууга тендер жарыяланып, бирок тендерде көрсөтүлгөн экскаваторлор келбей, сапатсыз техника алып келингени белгилүү болгон. Мэриянын кызматкери жеке компаниялардын бирине тендерден утууга көмөк көрсөтүүгө шектелип жатат.

Буга чейин, 20-августта Ош шаардык соту шектүүнү 15-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми айыпталуучу тарап облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштогу сапатсыз тротуарлар: Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду

Ош: Мэрия «мыйзамсыз» саткан 20 млн сомдук жер кайтарылды

Ош: Жолдор башкармалыгынын миллиондук тендерлерин ишкананын кызматкерлери утуп келгени аныкталды