Жапаров Орусия менен абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу 12-октябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү «эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берери» белгиленет.

«Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат. Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Орусия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш бул макулдашууну 11-октябрда ратификациялаган. Макулдашуунун шарттарына ылайык, абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү максатында Канттагы Орусиянын авиабазанын жанынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө 5 гектар жер тилкеси берилет.

Башкы беттеги иллюстративдүү сүрөт.