Статистика комитети: Кыргызстанда жашоо минимуму 7,7 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылдын үчүнчү кварталына карата жашоо минимуму 7 756 сом 46 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти

Маалыматка ылайык, жашоо минимуму эмгекке жарамдуу курактагыларга 8 671 сом, пенсия курагындагыларга 6 878 сом деп белгиленсе, балдар үчүн 6 415 сомду түздү.

Быйылкы жылдын үч айына карата негизги шаарлардагы жана аймактардагы жашоо минимумумун көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 8038 сом;
  • Ош шаары — 7312 сом;
  • Баткен — 7507 сом;
  • Жалал-Абад — 7955 сом;
  • Ысык-Көл — 7262 сом;
  • Нарын — 7980 сом;
  • Ош — 7229 сом;
  • Талас — 7202 сом;
  • Чүй — 7371 сом;

Өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата жашоо минимуму 7242 сом 9 тыйын деп белгиленген. Эмгекке жөндөмдүү курактагылар үчүн 8100 сом, пенсия курагындагыларга 6447 сом, балдар үчүн 6149 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

ТЕМА БОЮНЧА:

Статистика комитети: Кыргызстанда жашоо минимуму 7,5 миң сомду түздү