Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу тарифти 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы борбор калаадагы коомдук транспорттогу жол киренин баасын кайрадан көтөрүүнү сунуштады. Токтом долбоорун муниципалитет өзүнүн сайтына чыгарды

Мэрия маршруткалардагы, автобустардагы жана троллейбустардагы жол акыны 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Ал эми пенсионерлерге, майыптыгы бар адамдарга, 7 жашка чейинки балдарга жана почтальондорго болгон жеңилдиктер күчүндө калат. 

Бир айлык мөөнөттөгү транспорттук картанын же электрондук жол жүрүү билетинин баасы:

  • мектеп окуучуларына — 430 сом;
  • стандарт — 1200 сом. 

Мэриядан жол киреге тарифтер төмөн болгондуктан улам, «коомдук

транспорттун ишинде олуттуу көйгөйлөр жаралып жатканын» белгилешти. Мисалы, чыгымдардын орду жабылбаганынан ташуучулар тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтө албай жатышат. Андан улам жүргүнчүлөр коомдук транспорттун ишине нааразы болууда.

«Натыйжада, транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатуу жана шаардык каттамдардагы кичиавтобустарды алмаштыруу үчүн чоң жана орто сыйымдуулуктагы автобустардын паркын чоңойтуу зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар көп түшөт. Ошондой эле, учурда кирешенин жоктугуна байланыштуу айдоочулар тынымсыз кетип жатат, бул өз кезегинде Бишкек шаарынын калкын коомдук транспорт менен камсыз кылуу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келүүдө», — дешти мэриядан.

Ошондой эле муниципалитет 2021-жылы акыркы жолу тарифтердин көтөрүлүүсүнөн бери күйүүчү майдын, тетиктердин баасы жана башка чыгымдар жогорулап кеткенин белгилейт. 

«Колдонуудагы тарифтердин жогорулашы коомдук транспорт чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына алып келет. Мында айдоочулук курамдын келишине, муниципалдык ишканалардын айдоочулук курамынын эмгек акысынын көбөйүшүнө алып келет жана иш күндөрү коомдук транспорттун орточо суткалык чыгуусун 1800-2000 бирдикке чейин камсыз кылат. Ошону менен эскилиги жеткен жеке жүргүнчү транспортун атаандаштыктан четтетет, айлана-чөйрөгө терс экологиялык таасирин азайтат, бул коомдук транспорттун иштөө чөйрөсүндө түзүлгөн кырдаалга жагымдуу таасир этет», — дешти мэриядан.

Акыркы жолу шаар бийлиги коомдук транспорттун тарифтерин 2021-жылдын сентябрында өзгөрткөн. Учурда автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, ал эми маршруткаларда 15 сомду түзөт.

Буга чейин Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов муниципалитет муниципалдык автобус жана троллейбустарда жүргүнчү жол акысын накталай төлөгөн учурда жол кирени 30 сомго чейин көтөрүүнү караштырып жатканын айткан. Ал эми накталай эмес төлөмдөргө азыркы тариф — 11 сом — колдонуларын айткан. 

20-августтан тартып муниципалдык автобус жана троллейбустарда жол кире толук накталай эмес төлөнүп баштаган. Жүргүнчүлөр «Тулпар», VISA жана «Элкарт» карталары, ошондой эле ар кандай тиркемелер аркылуу унаанын QR-кодун сканерлеп төлөй алышат.

Май айында президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапары учурунда Zhongtong bus Holding Co заводуна барган. Жыйынтыгында Кыргызстан бул компаниядан 1000 автобус сатып алары белгилүү болгон. Бишкекке алгачкы автобустар август айында келе баштаган.

Башкыдагы сүрөт: Канат Рыскулов / RFE/RL.