Мурдагы экология министри Кутманованын «коррупцияга» шектелген уулу Кыргызстанга алып келинди

17-октябрда УКМК «Ири коррупциялык тармакты» уюштурууга шектелип жаткан мурдагы экология министри Динара Кутманованын Түркияда кармалган уулу Кемелбек Кутманов өлкөгө алып келингенин кабарлады.

«Кутмановго “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында май айында Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен. Кийин Түркияда жашынып жүргөн жеринен кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган», — дешти атайын кызматтан.

Азыркы тапта Кутманов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөөнүн жүрүшүндө ал экология министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондуна түздөн-түз кийлигишип, долбоорлорго бөлүнгөн каржаттан 10% «үлүш» алып турганы белгилүү болду. 

«Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле “Жашыл Мурас” долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган», — дешти УКМКдан. 

Ошондой эле ал «Кумтөрдөн» каражат бөлүнгөн «Ишкердикти өнүктүрүү фондун»* түздөн-түз көзөмөлдөп, министрликтеги жогорку кызматка өзүнүн досторун дайындаганы айтылат.

*«Кумтөр Голд Компани» ишканасы 2021-жылдан тарта Кыргызстандын айлана-чөйрөсүн коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң сом АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн. Үч жылдык каржылоонун суммасы 976 миллион 800 миңге жакын сомду түзгөн. 
Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» 720 миллион сомду башка максатка пайдаланып, мамлекетке 192 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Министрликтеги коррупция 

22-июлда жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын жакын адамдары делген сегиз киши кармалган.

Көп өтпөй УКМК «мамлекеттик акчаны кымырып алуу боюнча ири коррупциялык тармакты уюштурган» деген шек менен Кутманованын өзүн кармап кеткен.

Атайын кызмат «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунда каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз келишим түзүү жана Кутманованын үй-бүлөсү тарабынан акчаны кымырып алуу фактыларын аныктаган.

Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы экология министри Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды