«Айдоочулук күбөлүгү жок». Ошто окуучунун өлүмүнө себеп болгон айдоочу эки айга камалды

Ош шаардык милициясы. Сүрөт: Медер Ниязалиев / Azattyk

Ош шаарында үч окуучуну унаасы менен коюп кетип, биринин өлүмүнө себеп болгон 36 жаштагы айдоочу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-октябрда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ал 13-октябрда кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн баш коргоо чарасы 15-октябрда каралып, тергөө абагына эки айга камакка алынды.

5-октябрь күнү саат 13:50 чамасында Осмонов көчөсүндө 36 жаштагы айдоочу Toyota Scion үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн өтүп бара жаткан 3 окуучуну коюп кеткен

Кырсыктын кесепетинен 13 жана 7 жаштагы эки өспүрүм жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми баш сөөгүнөн жаракат алган 13 жаштагы өспүрүм Ош шаардык ооруканасынын мээ хирургия бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган. Бирок ал өзүнө келбей 11-октябрда каза тапкан. 

Ош шаардык Жол кайгуул кызматы унааны башкарган айдоочунун күбөлүгү жок экени аныкталганын билдирген. 

Ал эми жабырлануучу тараптар айдоочуга карата «арыз жазуудан баш тартканы» айтылган.

«Турмуш» басылмасы кылмышка шектелип жаткан айдоочу үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда Ош шаарына караштуу Жапалак айылында дагы жолдон өтүп бара жаткан 11 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткенин жазып чыккан. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Үч окуучуну унаа коюп кетти, алардын бири ооруканада каза тапты