Ош: Үч окуучуну унаа коюп кетти, алардын бири ооруканада каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында үч окуучуну унаа коюп кетти, алардын бири ооруканада каза тапты. Маалыматты 12-октябрда «Клоопко» шаардык милициядан тастыкташты. Шектүү айдоочунун күбөлүгү жок экени, буга чейин да 11 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткени айтылды.  

Маалыматка ылайык, окуя 5-октябрь саат 13:50 чамасында Ош шаарындагы Осмонов көчөсүндө катталган. Анда 36 жаштагы айдоочу Toyota Scion үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн өтүп бара жаткан 3 окуучуну коюп кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен 13 жана 7 жаштагы эки өспүрүм жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Баш сөөгүнөн жаракат алган 13 жаштагы өспүрүм Ош шаардык ооруканасынын мээ хирургия бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган. Бирок ал өзүнө келбей 11-октябрда каза тапты. 

Ош шаардык Жол кайгуул кызматы унааны башкарган айдоочунун күбөлүгү жок экени аныкталганын билдирди. 

Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери башталып, унаа айып короого киргизилди. Ал эми, жабырлануучу тараптар айдоочуга карата «арыз жазуудан баш тартканы» айтылды.

«Турмуш» басылмасы учурда кылмышка шектелип жаткан айдоочу үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда Ош шаарына караштуу Жапалак айылында дагы жолдон өтүп бара жаткан 11 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткенин жазып чыкты. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду