Карындашын ыдыктан коргоп айдоочуга ок аткан киши пробациялык көзөмөмөлгө чыгарылды

Чүй облустук соту 17-октябрда 2022-жылдын жайында карындашын коргоп адамды атып алган Сухраб Жумакуловду бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө бошотту. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди

Муну менен облустук сот Чүй райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Чүй райондук соту июнда Жумакуловду «Аффект абалында адам өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга кескен

Чүй облустук соту бул чечимин жабыркаган тараптын макулдугун эске алып чыгарган. Жумакулов сот залынан бошотулду.

Ал эми Жумакуловдун карындашы Instagram барагында агасын тосуп алып жатышканы тартылган видеосу менен бөлүштү. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от АСЕЛЬ ЖУМАКУЛОВА (@asel_zhumakulova)

Карындашын ыдыктан коргоп адам өлтүрүү

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 1-июлда Токмок шаарына жакын жерде 36 жаштагы Сухраб Жаманкулов аттуу адам «карындашын коргоп», 47 жаштагы кишини газ-травматикалык тапанча менен атып салганын маалымдаган. Киши тез жардам унаасында каза болгон.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен 33 жаштагы айым Токмок шаарынан унаага отурган. Айдоочу ага ыдык көрсөтүүгө аракет кылганда, аял агасына телефон чалып, башка унаага түшүп кеткен. Бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда аялдын агасы барып, ок чыгарган.

Ошол эле күнү ыдыкка кабылган айым Истаграм барагына билдирүү жасап, окуянын чоо-жайын ыйлап айтып берген. Ал коомчулуктан колдоосуна муктаж экенин билдирген. Бул факты «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталган.