«Ынтымак-Манас Ордосу». Жапаров жаңы Ак үйдүн эл сунуштады делген аталышын жарыялады

18-октябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратына эл сунуштаган аттардын тизмесин жарыялады. Буга чейин ал фейсбук аркылуу кыргызстандыктардан ат сунуштоону өтүнгөн болчу.

Жапаров Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо деген аталыштар көп сунушталганын айтып, Ынтымак Ордо деген сунуш «жеке өзүнүкү экенин» кошумчалады.

«Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос. Ынтымак-Манас Ордобузда жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!» — деди ал.

Эл сунуштады делген 108 аталыштын ичинде Каган Ордо, Хан Ордо, Таш Ордо, Шаң сарай жана Нур Кожо деген аталыштар да бар.

Буга чейин жаңы имараттын аянты алгачкы пландалган 17 миң чарчы метрден 39 миң чарчы метрге чоңойтулганы кабарланган.

«Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе»

Президенттин администрациясынын жаңы имараты сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын курулушуна 2022-жылдып апрелинде Жапаров өзү барып капсула салган.

Башында жаңы Ак үйдү «ТС ГРУПП» курулуш компаниясы курмак болгон. Долбоорду ишке ашыруу милдетин казакстандык инвесторлор алышы керек болчу, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилмек. Бирок натыйжада компания алмашып, учурда курулуш ишин «Иншаат строй билдинг» аткарып жатат.

«Азаттыктын» журналисттери президенттин иш баркармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин «Иншаат строй билдингдин» негиздөөчүлөрү менен байланышы бар экенин аныкташкан. Алар жаңы Ак үйдүн курулушуна башкармалык гана жооптуу болгондуктан, бул кызыкчылыктар кагылышы жөнүндөгү мыйзамды бузушу мүмкүн деп белгилешкен.  

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегация болбосун аларда ал жерде кабыл алууда «уят болбойт».

ТЕМА БОЮНЧА:

Туманбаев: Жаңы Ак үйдүн аянты 39 миң чарчы метрге чоңойтулду