Туманбаев: Жаңы Ак үйдүн аянты 39 миң чарчы метрге чоңойтулду 

Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев президенттин администрациясынын жаңы имаратынан аянты алкачкы пландалган 17 миң чарчы метрден 39 миң чарчы метрге чоңойтулганын билдирди.

Анын айтымында, мындай кылууну президенттик администрациянын кызматкерлери суранган. 

«Биздин «Ак үй» биз көрүп келген өлкөлөрдүн бириникине караганда чоң, ал эми баасы жагынан 8-9 эсе арзан курулууда. Курулуштун сапаты жакшы, заманбап эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет. Аталган имарат жогорку деңгээлдеги конокторду тосууда, мамлекеттик иш чараларды өткөрүүдө керектүү шарттарды камсыздоо менен катар, кыргыз элинин сыймыгы болот», — деп жазды ал Фейсбук барагында. Бирок ал объекттин курулушунун баасын айткан жок.

Каныбек Туманбаевдин постунан скриншот.

«Ала-Тоо 24» журналистерине берген интервьюда Туманбаев жаңы Ак үйдү курганы үчүн «Иншаат строй билдинг» курулуш компаниясы ала турган жер тилкенин аянтынын көбөйтүлүшү да ушуга байланыштуу деп билдирди. Башында компания Бишкектен 16 га жер алышы керек болчу. Бирок кийин компанияга Бишкектин түштүгүнөн 25,7 га берилери белгилүү болгон — азыр ал жакта жерлер жайгашкан жери жана абасы таза болгону үчүн эң эле кымбат эсептелет.  

«Бул [президенттик администрациянын жаңы имараты] президенттин дагы, өкмөт башчынын дагы үйү эмес. Бул бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздин жүзү. Ушундай имараттар салынышы керек. Мамлекетибиз астыга жылып барат», — деди Туманбаев. 

Жакында эле президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында жаңы Ак үйдүн курулушу аягына чыгып баратканын жазып, кыргызстандыктардан ага ат коюушууну суранган.

«Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе»

Президенттин администрациясынын жаңы имараты сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын курулушуна 2022-жылдып апрелинде Жапаров өзү барып капсула салган.

Башында жаңы Ак үйдү «ТС ГРУПП» курулуш компаниясы курмак болгон. Долбоорду ишке ашыруу милдетин казакстандык инвесторлор алышы керек болчу, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилмек. Бирок натыйжада компания алмашып, учурда курулуш ишин «Иншаат строй билдинг» аткарып жатат.

«Азаттыктын» журналисттери өз иликтөөсүндө президенттин Иш баркармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин «Иншаат строй билдингдин» негиздөөчүлөрү менен байланышы бар экенин аныктап чыгышкан. Алар жаңы Ак үйдүн курулушуна тек гана Иш башкармалык жооптуу болгондуктан бул кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү мыйзамды бузушу мүмкүн деп белгилешкен.  

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегация болбосун аларда ал жерде кабыл алууда «уят болбойт».