Ош: Унаа коюп каза тапкан окуучунун өлүмүнө байланыштуу иш кыскартылды

Ош шаардык сотунун имараты.

Ош шаардык соту тарабынан унаа коюп каза тапкан биринчи класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 19-октябрда соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 11-октябрда кабыл алынды.

Окуучунун өлүмү тууралуу үстүбүздөгү жылы 20-сентябрда белгилүү болгон. Ош шаардык жол кайгуул кызматы 19-сентябрь саат 11:40та Абсамат Масалиев көчөсүндөгү жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1-класстын мектеп окуучусун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу унаасы менен коюп кеткенин билдирген

Окуучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган. 

Окуучунун өлүмүнө шектүү катары Кара-Суу районундагы жеке менчик медициналык мекеменин башкы дарыгери кармалып, териштирүү иштери жүрүп жаткан

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду

Ош: Мектеп окуучусун сүзүп кетип, өлүмүнө шектелген башкы дарыгер кармалды