Жапаров: 2026-жылдын аягында «Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайынан алтын алуу иши башталат 

Бийлик 2026-жылдын аягында «Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайынан алтын ылгап алуу ишин баштоону пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 19-октябрда «Кумтөр» алтын кенинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди

Анын айтымында, калдык сактоочу жайларда 100 тоннага жакын алтын бар, учурда аларды ылгап алуу боюнча долбоор иштелип чыгууда.  

«Ал коркунучтуу болуп жаткан калдык сактоочу жайды коопсуздандырабыз. Тазалап алабыз. 2030-жылдардын ары жагы барып аны да тап-таза кылып бүтүрөбүз», — деп билдирди президент. 

Ошондой эле Жапаров жакынкы жылдары «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Тоголок» жана «Жангарт» өңдүү жаңы кендерди өзү өздөштүрүп баштарын билдирди. Мурдараак компания аталган кендерди иштетүү үчүн 8-августта Жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алганын билдирген. Компания Тоголок кенинде бургулоо иши үчүн жалданмачыларды тандоо ишине киришишкенин айткан.

Мындан тышкары, президент сөзүн улай 2022-жылы «Кумтөрдө» 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, КГК салык жана милдеттүү төлөм катары 32,2 млрд сом төккөнүн белгилеп, кенди иштетүүдөн таза киреше 371 миллион долларды түзгөнүн айтты.  

«Кумтөр» өткөн жылдын ортосунан бери де-факто бийликтин башкаруусунда болгон — 2021-жылдын 17-майда ал жакка сырткы башкаруу киргизилген. Бул ал убакта кенди иштетип турган канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен тирешүүгө себеп болгон. Компания эл аралык сотторго кыргыз өкмөтүнө каршы бир нече доо арыз берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги Centerra менен тынчтык келишими жетишилгенин жарыялап, «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген