Таласта «Газпромдун» директору курган спорт комплекстин ачылышы болду, ага президент катышты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Сапардын жүрүшүндө өлкө башчысы Чыңгыз Айтматов районундагы жаңы салынган «Асыл» спорт комплексинин ачылышына катышты.

Жарым гектардан ашык аянтты ээлеген комплекс машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ал жерде баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс залдары бар.

Комплексти «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаев өз эсебине курганы айтылды. Садыр Жапаров ага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле өлкө башчысы Кара-Буура районуна Чынгыз Айтматовдун ысымын берүүнүн максатын айтып, райондо жасалып жаткан бир катар иштерге токтолду.

«Улуттук идеологиябызды чыңдоодо, жаштарды мекенчилдик дем менен тарбиялоодо кыргыздын уулу деп сыймык менен атай турган жазуучубуз элибиздин ар убак эсинде калып, тилинде болуп, күндөлүк жашоо-турмушун коштоп, сакталып калышы зарыл. Дүйнө билген, миллиондогон адамдар чыгармаларын барктап окуган классик жазуучубуздун атын татыктуу алып жүрүү жергиликтүү элге ары сыймыктануу менен катар ары жоопкерчилик экенин эч убакта эсиңиздерден чыгарбаңыздар» — деди ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл облусунда 20 млн долларга спорт комплекси курулат