«Лукашенко көзөмөлүнө алып». Жапаров 6 жылдан бери бузук турган тик учак Беларуста оңдолгонун айтты

21-октябрда президент Садыр Жапаров 2016-жылы Орусия берген МИ-8МТВ-1 тик учагы алты жылдан кийин Беларуста оңдолуп, пайдаланууга берилгенин билдирди.

Анын айтымында, тик учак бир жылдан кийин эле бузулуп, ошол бойдон оңдолбой туруп калган. Ал эми быйыл аны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Беларустун лидери Александр Лукашенко жардам берген.

«Биздин тик учагыбыздын сапаттуу жасалышын президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан эле. Чынында эле беларустун адистери ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүн Талас облусуна дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти», — деди ал.

Өлкө башчысы тик учакты оңдоо өтүнүчүн дароо кабыл алган Лукашенкого ыраазычылык билдирди.

Буга чейин, 16-октябрда Орусия Кыргызстанга Ми-8 МТВ тик учагын берген. Ал президенттин орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жүргүзгөн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында берилгени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусия кыргыз ӨКМне Ми-8 тик учагын берди