Сүрөт: Ошто майыптыгы барлардын арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Ош шаардык мэриясы 22-октябрда майыптыгы бар адамдардын арасында спорттун үч түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөнүн кабарлады.

Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары жана Ош шаарынан келген 100дөн ашык киши катышты. Алар кичи футбол, аркан тартыш жана шахмат боюнча ат салышты.

Футбол оюнуна жалпы 8 команда катышып, 1-орунга Таш-Көмүр, 2-орунга Жалал-Абад, 3-орунга Кара-Суу шаарынан келген командалар татыды.

Аркан тартыш боюнча мелдеште 1-орунду Оштун, 2-орунга Кадамжайдын, 3-орунду Араван шаарынын командалары ээледи.

Ал эми шахмат боюнча 1-орунду А.Топчиев, 2-орунду М.Анарбаев, ал эми 3-орундум А.Кошоев жеңди.

Жеңүүчүлөргө Дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медалдары жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында биринчи жолу көзү азиздер арасында футбол мелдеши өткөн. Ага өлкөнүн ар башка аймагынан келген алты команда катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Стереотиптен арылтып, укугун коргоо». Ысык-Көлдө майыптыгы барлардын жөө жүрүшү өтүүдө