«Стереотиптен арылтып, укугун коргоо». Ысык-Көлдө майыптыгы барлардын жөө жүрүшү өтүүдө

19-июнда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында майыптыгы бар адамдардын жөө жүрүшү башталды. Иш-чаранын максаты майыптыгы барларга карата басымды жана стереотиптик көз карашты азайтуу, укуктарынын корголушуна көңүл буруу болуп эсептелет.

Жүрүш 24-июнга чейин уланат. Анда беш облустан келген 44 катышуучу Балыкчыдан Чолпон-Ата шаарына чейинки 80 км аралыкты жөө жүрүп өтүүнү көздөшүүдө. 

«Жүрүш тогуз жылдан бери уюштурулуп келет. Чынымды айтсам, ошол убактан бери коомдун бизге карата мамилеси бир топ өзгөрдү. Коомдо биз жөнүндө “дарыланышы керек, болгону ошол” деп ойлошот. Негизи биз деле кадимки адамдардайбыз, болгону майыптар арабасында. Башкалар сыяктуу эле толук кандуу жашоого укуктуубуз», — дейт «Теңдик» майыптыгы барлар союзунун жетекчиси Гүлнара Казакунова.

Бул иш чара өткөн жылдын августунда дагы Ысык-Көлдө уюштурулган. Анда катышуучулар Чолпон-Атадан Каракол шаарына чейин жөө барышкан. 

Кыргызстанда, расмий маалыматка ылайык, эң аз дегенде 205 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

Авторлошу: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Майыптыгы барлар аярлуу темаларды билишет жана парламентте көп нерсе жасай алышат — Айнуранын окуясы

Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда