Токтогул: Милиция ден соолукка оор залака келтирүүгө шектелген 21 жаштагы жаранды 2 айга камады

Шектүү. Сүрөт: Токтогул РИИБ.

Токтогул районунда 24 жаштагы жарандын башына катуу нерсе менен чаап кетип калган бала кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Анда 20-октябрь күнү 02:00 чамасында 24 жаштагы инисин бейтааныш бала уруп качып кеткени айтылган. Натыйжада иниси Токтогул райондук ооруканасына оор абалда жаткырылган.

Бул окуя боюнча Токтогул РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү деп Токтогул районунун 21 жаштагы тургунун кармап, Кылмыш-жаза кодексинин  «Ден-соолукка оор залал келтируу» негизинде 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин 8-августта соцтармактарда Жалал-Абаддагы Спутник кичи шаарчасында топ балдар эки баланы сабаганы тартылган видео тараган. Анда ондон ашык адам эки топко бөлүнүп, эки кишини тепкилеп жатканын көрүүгө болот. 

Кийинчерээк сабоого шектүү катары 5 киши кармалган. Бирок тараптар «бири-бирине дооматы жок экенин» билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. 

Автору: Нурайым Рустамова

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда эки адамды көптөп сабоого шектелген беш киши кармалды