Бишкектеги «ТИЗО-1» шаар сыртына көчүрүлөт

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагы. Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагы калаа сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу 23-октябрда Жаза аткаруу кызматынын кеңешмесинде айтылды. 

Кеңешмеде Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев борбор калаадагы ТИЗО-1ди шаар сыртына көчүрүү үчүн президенттин фондунан 26 миллион 300 миң сом бөлүнгөнүн белгиледи. 

«Жаңы 2000 орунга ылайыкталган тергөө абагынын сметалык долбоору иштелип жатат, ал Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы ТИЗО-50нүн аймагында жайгашат», – деди ал.  

ТИЗО-1 Бишкектин Горький менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 

Буга чейин ТИЗО-1ди шаардын сыртына көчүрүү 2019-жылы каралган. 

Укук коргоочулар менен активисттер ТИЗО-1ди көчүрүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн. 

Анткени анын шаардын борборунда жайгашканы адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудуруп, андан тышкары, автоунаалардын ээн-эркин кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. 

Шаардын башкы планына ылайык, ТИЗО-1дин аймагы аркылуу жол өтүшү керек, бирок каржылоонун жоктугунан, аны көчүрүү боюнча маселе көп жылдан бери чечилбей келген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖАМК ТИЗО-1ди Бишкектин чет жакасына чыгаруу үчүн жер издеп жатат

«Мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык» иши: Кармалган беш адамдын төртөө ТИЗОго киргизилди