Нарын: Соода ишмердүүлүгү үчүн патентти калтырууну талап кылган ишкерлер митингге чыкты

Нарын шаарында 24-октябрда жергиликтүү базардын соодагерлери митинг өткөрүштү. Чогулгандар ККМди жокко чыгарып, соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди калтыруу талабын коюшту. Митингде тартылган видеону Асылбек Орозбаев аттуу колдонуучу фейсбукка жүктөдү. 

Видеодо митингдин айрым катышуучулары «патент системасы менен иштөө ыңгайлуураак» экенин, алар патенттин баасын көтөрүүгө деле даяр экенин айтышкан. 

«Азаттык» соодагерлер менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жолукканын  жазды. Басылма соодагерлер министрлер кабинетине кайрылуу жөнөтүшкөнүн кошумчалады. 

Акыркы эки жылда кыргыз бийлиги патент системасынан арылуу, товар жүгүртүүнү көмүскөдөн чыгаруу жана жыйналып жаткан салыктардын көлөмүн көбөйтүү максатында Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. 

Ошентип 2022-жылы бийлик ишкерлерди иш учурунда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуп баштоого милдеттендирген жарлыкка кол койгон. Ал эми 2023-жылдын башынан  электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) дагы милдеттүү боло баштаган

Базардын сатуучулары менен башка ишкерлер жаңы кирген эрежелерге каршы болуп Бишкекте жана башка региондордо митингдерге чыга башташкан. 

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, соода иши үчүн патенттер 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюлат жана соодагерлер бирдиктүү салыкка өтүшү керек.

Ошол эле учурда, жылдык кирешеси сегиз млн сомдон ашпаган, ККМ колдонгон ишкерлер салыктан бошотулат. Бул суммадан ашып кеткен учурда жеке ишкердин жылдык кирешесине жана ишинин түрүнө жараша 0,5% дан 4% га чейинки салыктын башка ставкалары каралган.

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт.