Пара Азия оюндары: Гүлназ Жүзбаева коло, Жалалдин Абдувалиев дагы бир күмүш тагынды

 

25-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүктөр Гүлназ Жүзбаева жана Жалалдин Абдувалиев коло жана күмүш медалга ээ болушту

Абдувалиев ушуну менен экинчи күмүшүн тагынды. Ал спортчу Артем Шапилов менен чогуу чуркап, маарага экинчи болуп келди. 1-орунду ээлеген индиялык спортчудан 3 секунд гана артта калды.

Абдувалиев 23-октябрда ушул эле оюнда жеңил атлетика боюнча  5 чакырым аралыкты 17 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, күмүш медаль тагынган

Ал эми жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева коло медаль тагынды. Ал 1 миң 500 чакырым аралыкты 6 мүнөт 31 секундда чуркап өттү.

Пара Азия оюндары 20-октябрдан 30-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Ага 44 мамлекет ат салышууда

Оюндарга спорттун алты түрү боюнча, тактап айтканда, жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон жалпы 27 кыргызстандык спортчу катышууда.

Курама команданы машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медкызматкерлер коштоп жүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пара Азия оюндары: Дзюдочу Хайитхон Хусан кызы алтын, жөө күлүк Абдувалиев күмүш байгеге ээ болушту