Пара Азия оюндары: Дзюдочу Хайитхон Хусан кызы алтын, жөө күлүк Абдувалиев күмүш байгеге ээ болушту

23-октябрда кыргызстандык пара дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль, ал эми жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев күмүш медаль утту.

Хусан кызы 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал алгач 1/2 финалдык беттеште индонезиялык Новиа Ларассаттини жеңип, чечүүчү финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизуканы 1 мүнөт 25 секунд аралыгында жеңип алды. 

Спортчунун жеңиши — Кыргызстандын тарыхындагы Пара Азия оюндарынын алгачкы алтын медалы болуп калды. Буга чейин Хайитхон Хусан кызы Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан пара дзюдо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынган

Жөө күлүк Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш медаль тагынды. Ал 5 чакырым аралыкты 17 мүнөт 18 секундда чуркады.

Жалалдин Абдувалиев — паратриатлет, триатлон боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздердин насаатчысы. Кыргызстандан чыккан алгачкы паратриатлон боюнча эки жолку дүйнө чемпиону. Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. 

Пара Азия оюндары 20-30-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Оюндарда жалпысынан 44 мамлекет ат салышууда. 

Оюндарга спорттун алты түрү боюнча, тактап айтканда, жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон жалпы 27 кыргызстандык спортчу катышууда.

Курама команданы машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери коштоп жүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык Жалалдин Абдувалиев паратриатлон боюнча экинчи жолу дүйнө чемпиону болду