«Аттарын кайтаруу». 29-октябрда советтик респрессиянын курмандыктары эскерилет

«Эсимде» изилдөө платформасы 29-октябрда Бишкекте советтик репресиянын курмандыктарына арналган «Аттарын кайтаруу» аттуу акция өткөрөт. 

Акциянын жүрүшүндө репрессиянын курмандыктарына куран окулуп, кийин алардын аты-жөнү башкача тартипте жазылат: аты жөнү, жашаган жери, репрессия болгон учурдагы жашы, иштеген жери жана адистиги, репрессиянын күнү жана жылы. 

«Биз алардын ысымдарын эстеп жана алардын жаркын элесин эскергибиз келет. Акция “Адам өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок” деген принциптин маанилүү экенин эскертет», — деп белгилешти «Эсимдеден». 

Иш-чара Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада саат 12:00-14:00гө чейин өтөт.

1937-1938-жылдардагы сталин репрессиясынын курмандыктарынын жаркын элесине арналган «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси. Сүрөт: ЖАКтын басма сөз кызматы. 

«Аттарын кайтаруу» акциясы Бишкекте экинчи ирет өтүп жатат. Акция борбордо биринчи жолу 2022-жылдын 29-октябрында өткөн

«Аттарын кайтаруу» — бул 2007-жылы Москвада биринчи жолу өткөн саясий репрессиянын курмандыктарын эскерген жарандык акция.

Түрдүү булактардын маалыматына ылайык, 1937-38-жылдары күчөгөн репрессиялар учурунда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чукул киши атууга кеткен.

Өлүм жазасына тартуу тууралуу буйруктарга Сталин өзү кол койгон. Кыргызстанда анын репрессиясы учурунда 137 адам атууга кеткени документ түрүндө тастыкталган. Атууга кеткендердин арасында Касым Тыныстанов, мамлекеттик ишмерлер Төрөкул Айтматов жана Жусуп Абдрахманов бар.