Ош: Тургундан акча опузалаган бир милиция кызматкери кармалды, үчөө изделүүдө

Ош шаарында тургундан 400 миң сом акча опузалап талап кылууга шектелген бир милиция кызматкери кармалды, ал эми үчөө изделүүдө. Бул тууралуу 29-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин төрт ыкчам кызматкери — милициянын эки капитаны жана эки майору зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, шаар тургунунан акча каражатын талап кылышкан. 

Үстүбүздөгү жылы 25-сентябрда ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, ортомчу 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган, кийинчерээк милициянын бир майору колго түшкөн. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына  эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

«Бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат издөөгө алынган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жапа чеккен жана алардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар тургундарды төмөнкү номурлар аркылуу байланышууну суранат: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Интимдик сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам». Жалал-Абадда опузалап аялдан акча алып жүргөн тургун кармалды

Ошто күч колдонуп тургундан акча опузалаган милиция кызматкери кармалды