УКМК мурда Көлбаев көзөмөлдөгөн цемент завод мамлекетке кайтарылганын билдирди

УКМК «Күрмөнтү цемент» заводу мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, заводдун 93,17% акциясын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүүгө мүмкүн болду. Компаниянын акцияларынын көпчүлүк бөлүгү 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча боюнча кылмыш ишинин алкагында кайтарылды.

«Тергөөдө, К.Асанбек жасалма жана жеке компаниялар аркылуу, Ысык-Көл облусундагы эң ири өндүрүш ишканасынын – мурда жогорку сорттогу цемент чыгарган — Күрмөнтү цемент заводунун ишин көзөмөлгө алганы аныкталды. «Күрмөнтү цемент» ААКны мындан ары төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында, К.Асанбек тарабынан адамдар өндүрүштүк ишкананын банкрот болушуна жасалма шарттарды түзүшкөн», — белгилешти УКМКдан.

Атайын кызмат ишканадагы өндүрүштү жандандыруу үчүн анын акцияларын  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке берилгенин белгиледи. Калган 6,83% акция цемент заводунун кызматкерлеринин ичинен жеке адамдарга таандык. 

Көлбаевди жок кылуу 

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган. Аны кармоого дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгон. Ошондой эле УКМК ишкерлердин мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары боюнча кылмыш иштерин иликтеп жатат.

Кийин атайын кызматтан «криминалдык империянын» масштабын айтышкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларды түзөт, алар камакка алынды.УКМК аларды мамлекеттин кирешесине которуу ниетин билдирген.

Мындан тышкары, УКМК издөө иштери «өлкө ичинде да жана анын бизнес кызыкчылыктары болгон чет өлкөлөрдө да, анын бизнес кызыкчылыгы болгон Орусияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде жана Жапонияда улантылаарын» айткан. 

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишинин алкагында топтун 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.