Түп: Президент айылында атасынын аты ыйгарылган 1500 орундуу мечитти ачты

28-октябрда президент Садыр Жапаров өзү туулуп өскөн Түп районунун Кең-Суу айылында 1500 орундуу «Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы жаңы мечитти ачты.

Мечит «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулганы айтылды.

Ачылуу аземинде өлкө башчысы «Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманарын жана кыргыздардын Жаратканга ишеними бекем экенин» белгиледи.

«Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле ал объект «ыймандуулукка, мекенчил болууга, ата мекенине, эл-журтуна камкор мамиле кылууга чакырган борбор болоруна бекем ишенерин» кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаров окуган мектеп 45 млн сомго оңдолот

Жапаров менен Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана эмес, башка жерлер да өнүгүп жатат — Султанбаев