Өзгөн: «Акбала» каймана аттуу уюшкан топтун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда «Акбала» каймана аттуу уюшкан топтун мүчөсү тургунга бычак сайган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 28-октябрда облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-октябрда Өзгөн райондук милициясына 35 жаштагы жаран денесинен жараат алып аймактык ооруканага келип түшкөнү кабарланган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө, 24-октябрь күнү саат 14:30 чамасында, Өзгөн шаарынын көчөлөрүнүн биринде “А.Д” аттуу жаран бычак менен жабырлануучуну коркутуп, денесине жараат келтирген», — деп жазылат маалыматта.

Натыйжада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы «Акбала» каймана аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Шектүүгө «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

Көлбаев жок кылынган соң УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

Ошондой эле Ташиев жергиликтүү ишкерлерди жана чет өлкөлүк инвесторлорду кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн каржылабоого чакырып, «мындан ары Кыргызстанда кримчөйрө, “крим касса” деген болбойт» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды