Кыргызстан «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу мамбюджеттин эсебинен «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды. Бул тууралуу 28-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта президент Садыр Жапаров аппараттар жайгашкан базанын инфраструктурасы жана техникалардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен таанышып чыкканы айтылат.

«Ал аскердик базада колдонулуучу заманбап, жогорку технологиялык учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн кызматты камсыз кылуучу техникалар жана жабдыктар мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болорун баса белгиледи», — дешти президенттик администрациядан.

Өлкө башчысынын айтымында, аталган учкучсуз учуучу аппараттар өлкө тарыхында алгач ирет республикалык бюджеттен сатылып алынды.

Ошондой эле президент иш-чарада Baykar Defence компаниясынын башкы директору түркиялык Байрактар Лютфю Халукту «Даңк» ордени менен сыйлады.

Буга чейин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү аскердик техника жана курал жарактар алынып, жаңыртылып жатканын билдирген.

Анын айтымында, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө үч жыл ичинде жалпы 120 млрд сомдон ашык ($1,3 млрд жогору) каражат жумшалган. 2020-жылы бул тармакка, Ташиевдин белгилешинче, 3,5 млрд сом жумшалса, 2021-жылы коргоонууга кеткен чыгым 32 млрд сомду, ал эми 2022-жылы — 53 млрд сомду түзгөн.

«Биз башка өлкөлөр ала элек “Байрактар”, “«Аксүнгүр” жана “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараттарын алдык, ошондой эле «Печора-2 БМ», Ми-8 жана Ми-17 тик учактарын алдык», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыркы жарым жылда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга 40 млрд сом бөлүндү — Ташиев