Баткен: Дүкөндө кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши Тажикстанда кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Баткен ОИИБ.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 32 жаштагы кишини атып өлтүрүүгө шектелип издөө жарыяланган тургун жана анын шериги Тажикстандын аймагынан кармалды. Бул тууралуу 30-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну шаардык милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 25-октябрга караган түнү саат 01:30да өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 киши Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына алып келип, «белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, айдоочулук көбөлүгүн, 10 миң 650 сом акча каражатын, айдап жүргөн унаасын тартып алышканын» билдирген. 

Шектүүлөрдүн арасында «адам өлтүрүүгө» шектелген 27 жаштагы тургун да болгон.

Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 

Териштирүү иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип өздөрүн криминалдык төбөл деп эсептеген Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну, мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21 жаштагы жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Ал эми издөөдө жүргөн шектүү жана анын шериги кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагында жүргөн жеринен кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. 

25-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы тургунунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, 27 жаштагы шектүү 32 жаштагы кишини ичине атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү издөө иштери башталган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган жаранды атып өлтүрүштү