Баткенде буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган жаранды атып өлтүрүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган жаран 32 жаштагы киши атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу 27-октябрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь саат 02:15 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен башка жаранды атып салганы тууралуу Кызыл-Кыя ШИИБге кабар түштү.

Териштирүүнүн натыйжасында, Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы тургунунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, 27 жаштагы шектүү 32 жаштагы маркумду ичине атып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 

Ал эми жараат алган тургун Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон. 

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү издөө иштери уланууда.

Милициянын маалыматына ылайык, киши колдуу болгон жаран жана издөөгө алынган жаран — экөө тең мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганы аныкталды. 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, май айында Ош шаарында 31 жаштагы жаран 41 жаштагы таанышын токмоктоп, андан соң балта менен чаап өлтүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ош шаарында жашаган таанышынын үйүнө конокко келип, бир нече бөтөлкө спирттик ичимдигин ичишкенден кийин үй ээси менен чырдашып, мушташа кетишкен.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну үйгө келген коногу тарабынан өлтүрүлдү