«Өлкөдө дагы 46 дарыкана ачылат». Бишкекте алгачкы мамлекеттик дарыкана иштей баштады

Бишкекте «Эл аман» аталышындагы алгачкы мамлекеттик дарыкан ачылды. 10-ноябрга чейин өлкө боюнча дагы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Калаадагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дарыканын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Анын айтымында, дарыкана ачуу — калкты дары-дармек менен камсыздоо маселесин чечүүнүн негизги жолу.

Аталган дарыканада маанилүү делген 800дөн ашык дарынын түрү бар экени жана жеке менчикке салыштырмалуу 10-15% арзан сатылары белгиленди. Министрлик дары-дармектин санын эки миңге көбөйтүүнү көздөп жатат.

Аны менен катар, 10-ноябрга чейин Бишкекке 10, Чүйгө жети, Баткенге алты, Ошко беш, Жалал-Абадга беш, Ысык-Көлгө төрт, Таласка үч, Нарынга үч, Ош шаарына үч дарыкана ачуу пландалууда.

Бейшеналиев мамлекеттик бейтапкана менен ооруканаларда дарыканаларды уюштуруу ишин баштоону үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында тапшырган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Кайра дайындашарын билгем- Бейшеналиев министрлик кызматка кайтып келгени тууралуу