Акыйкатчы: ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору жеткире иштеп чыгууга муктаж

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаев ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору жеткире иштеп чыгууга муктаж экенин билдирди. Бул тууралуу ал аталган мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча президенттин администрациясы демилгелеген тегерек столдо журналисттерге айтты.

Анын айтымында, мыйзамдын долбоорунда бири-бирине каршы келген ченемдер бар.

«Азыр колдонуудагы ЖМК жөнүндө мыйзам 1992-жылы ишке кирген. Албетте, биз мыйзамдар жакшыртылышы керектигин түшүнүп турабыз, себеп дегенде азыркы заман башка талаптарды коюп жатат. Колдонуудагы мыйзамда 26 берене бар. Жаңы мыйзам долбоорунда 56 берене сунушталып жатат. Акыйкатчы институту биз тараптан жүргүзүлгөн талдоону, анын ичинде бардык тараптардын пикирин эске алып, бул мыйзам жеткире иштеп чыгууга муктаж деп эсептейт», — деди акыйатчы.

Тегерек столдо парламент төрагасы Нурланбек Шакиев да сөз сүйлөдү. Ал чындыкка коошпогон маалыматтартады таратуу үчүн жоопкерчилик киргизүү маселесин карап көрүүнү сунуштады.

«Бизде сөзсү түрдө сөз эркиндиги болушу керек, адам укугу чектелбеши керек. Бирок ошону менен катар жоопкерчилик дагы андан кем эмес болушу керек», — деп белгиледи Шакиев.

Акыйкатчы да Шакиевдин оюна макул болуп, такталбаган маалымат таратуу үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик керектигин, бирок ал кылмыш жоопкерчилиги болбошу керектигин белгиледи.

Тегерек столдогу талкууга «Адилет» Укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова да катышып, Кыргызстанда сөз эркиндигинин деңгээли түшүп баратканын билдирди.

«Биз өзүбүздүн түзөтүүлөрдү бир нече жолу көрсөттүк, депутаттар аны менен таанышып чыкканга убакыт табат деп үмүттөнөм. ЖК төрагасынын дарегине көп сөз айткым келип турат. Акылы бар адамдар жөн эле бир нерсе кыла бербейт, эгер баары иштеп турса, анда тийбей эле коюш керек. Маселен, мыйзамга бир топ жыл болду, ал кандай иштеп жатат? Ооба, жакынкы кезге чейин өлкөдө сөз эркиндиги бар болчу. Бирок акыркы 2-3 жылда артка кеттик. [...] Силер жарандардын укугун коргошуңар керек, силерге чейинкилердин эмгегин менчиктебегиле да. Силерден кийин эмне каларын ойлонуш керек да», — деп кайрылды ал Шакиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Документке салттуу ЖМКлар менен катар веб-сайттар да каттоодон өтүшү керек деген ченем кошулуп, ЖМКны каттоо жана кайра каттоо процедурасын татаалдатуу сунушталган.

Юристтер президенттин администрациясы «азыркы бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюп», ЖМКнын ичине кийлигишүүнү каалап жатат деп эсептеп, мыйзам долбоорун сынга алышкан. Юристтеридин пикиринде, бийлик бул мыйзам долбоору аркылуу «ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууну» каалайт.

Документке карата сын күчөп кеткен шартта президенттин администрациясы мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө макул болгон, бирок документтин экинчи версиясы биринчисинен да катаал болуп чыга келген. Анда блогерлерди ЖМКга теңөө сунушталып, көп өтпөй бул идеядан баш тартышкан.