Кара-Суу шаарында үч киши улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун үч мүчөсү улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 31-октябрда облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда башка улуттун өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн жарандардын видео кайрылуулары тараган. Бул боюнча 18-октябрда териштирүү башталып, 35 жана 49 жаштагы үч киши кармалды. Милициядан видеонун маңызы тууралуу маалымат беришкен жок.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда араб жана өзбек тилинде жазылган экстремисттик багыттагы китептер, барактар, дисктер табылып, далил катары алынды. Материалдар экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү органдарга берилди. 

Шектүүлөргө карата «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Бул боюнча териштирүү иши жүрүүдө.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислам» (араб. «Ислам боштондук партиясы» — ред.) уюмунун максаты халифат түзүп, ислам шариятындагы «акыйкат жашоону» калыптандыруу. Аталган уюм 2003-жылы Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп табылып, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Фейсбуктагы постторунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген адам кармалды