Орус жарандыгын алган борбор азиялыктарга аскер кызматынан качуу боюнча 22 иш козголду

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы Борбор Азиядан барып, орус жарандыгын алган тургундарга аскердик кызматтан качуу фактысы боюнча 22 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 28-октябрда аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматта тергөөчүлөр Москва шаарынын аскер комиссариаттарынын кызматкерлери менен биргеликте аскердик кызмат өтөөдөн качкандарды аныктоо максатында өздүк маалыматтарды изилдеп жатканы айтылат.

«Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тергөө органына аскердик кызмат өтөөдөн качкан адамдардын жашаган жерин аныктоо жана Орусиянын жарандыгын алуу фактысынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө комитети «Жарандык жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алган киши кылмыш жасаса, аскердик же альтернативдик кызмат өтөөдөн качса, жарандыгынан ажыратыларын эскертти. Орусиянын президенти Владимир Путин бул түзөтүүлөргө апрель айында кол койгон.

Тергөө комитети буга чейин 80ден ашык киши Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөнүн билдирген. Бирок бул маалыматтар кайсы мезгилге карата экени айтылган эмес.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин «орус паспортун алган мигранттар Украинага каршы согушка катышкысы келбесе, аларды жарандыктан ажыратууну» сунуштаган. Ошондой эле ал жарандык алгандардын аскердик каттоодон качуу фактыларына катуу бөгөт коюу зарыл экенин белгилеген.

Орус бийлиги мигранттарды согушка жөнөткөнү туурауу бир жыл мурда белгилүү болгон. Укук коргоочулар Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда мигранттар менен согушка катышуу үчүн келишим түзүлгөнүн кабарлашкан. Мындан тышкары, Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого турбаган эркектерди издөө боюнча рейддер жүргүзүлгөн.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган. Украинанын аймагында аскердик аракеттер бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары

Украинада каза тапкан кыргыздардын жок эле дегенде 17си ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган — Би-Би-Си