«Өгөй атасы зордуктады». Тестиер баланын апасы милицияга жазган арызы каралбай жатканына даттанды

Иллюстративдик сүрөт

Баткен районунун 36 жаштагы тургуну күйөөсү 7 жаштагы өгөй уулун зордуктап, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна карабай милиция чара көрбөгөнүн жана шектүү чет өлкөгө качып кеткенин айтып чыкты. Бул тууралуу 31-октябрда «Азаттык» басылмасы жазды.

Ошондой эле баланын энеси Баткен РИИБине күйөөсүнүн үстүнөн арызданганын, бирок милиция кызматкерлери «арызды кабыл алуудан баш тартып, аялды коркутууга аракеттенгенин» билдирди.

Ал эми ИИМден «Клоопко» 1-ноябрда жабырлануучу тараптын дооматтарын четке кагып, аял райондук милицияга кайрылгандан соң кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын маалымдады.

Эмне болду? 

Баткен районунун 36 жаштагы тургуну үстүбүздөгү жылдын январь айында 56 жаштагы күйөөсү 7 жаштагы өгөй уулун зордуктаганын айтып чыкты. 

«Быйыл кышында, Жаңы жылдан кийин балам “апа, артым ооруп атат” деп калды. Карасам, кызарып калыптыр. Ичи каткан го деген ой менен, жууп, вазелин сүйкөдүм. Убагында маани берген эмесмин. Унутуп калган экенмин, жайында акемин үйүнө тойго барабыз деп даярданып атсак, уулум “атам тийишти” деп айтып калды. [...] Апам келип, оокатымды алып кетти. Күйөөмө милицияга барып, арыз жазарымды айттым», — деп билдирди жабырлануучу.

Аял 3-июлда күйөөсүнүн үстүнөн Баткен РИИБине арыз жазган. Бирок анын айтымында, милиция кызматкери анын арызын кабыл алуудан баш тартып, аялды «жалаа жапканыңыз билинип калса, жазага тартыласыз, камалып кетесиз» деп коркуткан.

Жабырлануучу тарап бул окуядан соң уулу менен Бишкек шаарына келип, «Сезим» кризистик борборунда баш калкалай баштаган. Кийинчерээк ИИМдин Тергөө башкармалыгына кайрадан арыз менен кайрылгандан соң «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«[Экспертиза] “баланын көтөн чучугунда жарака бар, туюк нерседен болушу мүмкүн” деген жыйынтык чыгарып берди. Бирок тергөөчү бүгүнкү күнгө чейин шектүүнү — менин мурдагы күйөөмдү кармаган жок. Тергөөчү болсо күйөөм 4-августта өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бирок ошол кезде мага тааныштарым ал эч жакка кетпей эле, Ошто виза күтүп жатканын айтышкан», — деп билдирди аял.

Жабырлануучу мурдагы күйөөсүнө карата тиешелүү чара көрүлбөй жатканын айтып, Башкы прокуратурага да кайрылган, бирок майнап чыккан эмес. Аял милиция өз учурунда эле чара көрсө, шектүү чет өлкөгө чыгып кетпейт эле деген пикирде экенин айтты. 

Аны менен катар аял, милициянын «мурдагы күйөөсүнө ыкчам чара көрбөгөнүнө жолдошунун туугандары таасирдүү кызматтарда иштегени себеп болушу мүмкүн» деп эсептейт.

Милиция эмне дейт? 

Ал эми Ички иштер министрлиги «Клоопко» 1-ноябрда аялдын домматтарын четке кагып, жабырлануучу тарап Баткен РИИБине кайрылгандан кийин дароо кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун арызынан кийин тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, өспүрүмгө карата соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ички иштер министрлиги

Ошондой эле министрликтен аял ИИМдин Тергөө башкармалыгына да арыз менен кайрылганын да тастыкташты. Учурда жабырлануучу тараптын Тергөө кызматына жана РИИБине жазган арызынын негизинде иш бириктирилип каралып жатканын айтышты. 

Аталган факт боюнча «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, экспертизанын корутундаларынын натыйжасында Биринчи май райондук соту шектүүнү сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 

Милициядан учурда шектүүгө карата издөө жарыяланганын билдиришти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды