Депутат Темирбаева адамды кыйнап-кордоо үчүн 15 жылга чейин жаза киргизүүнү сунуштады

Депутат Миргүл Темирбаева адамды адамды кыйнап-кордоо үчүн 15 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору 1-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинДен соолукка оор залал келтирүү») жаңы бөлүк менен толуктоону сунуштап жатат.

«Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, майып кылуу, ошондой эле адамдын сырткы келбетине же функцияларына зыян келтирүүчү дене бөлүктөрүн кесүү, деформациялоо, бузуктук, бычуу менен байланышкан максаттуу дене жаракаттары менен коштолгон жосундар, он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Темирбаева бул демилгесин Чүй облусунун Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кескиленип, кордолгон аялдын окуясы менен негиздеди.

«Зордук-зомбулук актысы биздин республиканын бардык жарандарын таң калтырды. Албетте, мындай кылмыштар эң катаал түрдө жазаланышы керек. Адамды кесүү зордук-зомбулуктун жана оройлуктун эң катаал көрүнүштөрүн билдирет жана анын кесепеттери жабырлануучуга физикалык жана психикалык жактан зыян келтириши мүмкүн», — деп белгилейт эл өкүлү.

Чүй облусунун Селекция айында 36 жаштагы Асел Ногойбаева кордолгону тууралуу окуя 20-сентябрда белгилүү болгон. Жабырлануучу ошол эле күнү бети жана моюну кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.

Бул окуя кайрадан Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин актуалдаштырып, ошондой милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн.

27-сентябра Чүй облустук соту шектүүнү зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши азырынча сотко өтө элек.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.