Селекцияда бычакталган аялдын иши: Сот шектүүнү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести

27-сентябрда Чүй облустук соту Селекция айылында мурдагы аялын мыкаачылык менен кордоого шектелген кишини 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Сөз мыкаачылык менен кордоо жөнүндө эмес, зордуктоо иши жөнүндө болуууда.  

2023-жылдын башында айыпталуучу мурдагы аялын зордуктоого шектелип кармалган. Бул иш боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук соту шектүүнү беш жылга эркинен ажыратып, бирок ага карата пробациялык көзөмөл колдонуп, эркиндикке коё берген. Анда сот «айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин» эске алганы белгиленген. 

Бирок жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Анын арызы 2023-жылдын 27-сентябрында каралды.

«Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелинде чыгарылган өкүмү өзгөртүлдү. Өкүмдөн [айыпталуучу] Э.А. карата пробациялык көзөмөл колдонуу чечими алынды. Э.А. карата [“Зордуктоо”] беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү

Сот зордуктоо иши боюнча озүнүн жаңы өкүмүн айыпталуучу мурдагы аялын мыкаачылык менен кордогон соң араң чыгарды. 20-сентябрда милиция мурдагы аялынын кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салууга шектелген 39 жаштагы киши кармалганын билдирген. Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан, учурда ал ооруканада. Жабырлануучунун сиңдиси Диана Елкендин айтымында, эжесине дагы бир нече оор операция жасалышы керек жана «кулар-мурду өзүнүкүндөй болбой калат»

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон. Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген.

Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке кагууда. Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген. Ал эми Жогорку сот судьянын аракетине тийиштүү баа берилерин билдирген

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз