«Трагедия кылбаш керек». Президенттин кеңешчиси тууну өзгөртүүгө чоң чыгым кетпесин билдирди

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү бюджетти чоң чыгымдарга кептебейт деп билдирди. Бул тууралуу ал 1-ноябрда «Биринчи Радионун» эфиринде айтты.

Анын айтымында, тууну өзгөрпөгүлө деген сөздүн өзүндө «туура эмес» аныктама болуп жатат.

«[Эгер туу өзгөрсө] тийиштүү мыйзам кабыл алынат. Мисалы, азыр баарыбыздын чөнтөктөгү паспорттор болобу, башка болобу, мына декабрда же келерки жылда жаңы туу кабыл алынса, кайсыл күнү кабыл алынса ошол күнгө чейин туу өзгөрбөйт. Президент кол коюп, күчүнө киргенден баштап жаңы паспорт берилсе, ошол жаңы туу түшөт. Машиналарга жаңы номерлер берилсе, жаңы туу түшөт. Мурда туу башка болчу, алмаштыр деп эч ким айтпайт. Арадан 5-10 жыл өткөндөн кийин баары өзүнөн-өзү эле жаңы болуп калат. Эми майдаланып эле, ал чоң чыгым алып келет, тигиндей-мындай деген туура эмес. Болгону элчиликтердеги эле тууларды жаңыртып коюшат», — деп билдирди ал.

Абыкеев тууну өзгөртүүгө байланыштуу «трагедия кылбаш керектигин», себеп дегенде көптөгөн өлкөлөр туусуна бир далай өзгөртүүлөрдү киргизишкен деп эсептейт.

«Айрымдар туунун эч нерсесин өзгөртпөсүн деп жатышат, аларды деле туура түшүнөм. Эртең туунун нурун түз кылып койсок, андан эч нерсе болуп кетпейт, бул богону детал, кичинекей эле оңдоо киргизтилгени жатат. Ошондуктан аны чоң сөз кылуунун мааниси деле эмесе», — деп белгиледи президенттин кеңешчиси.

Абыкеев тууну өзгөртүү эмне себеп болуп атканына да токтолду. Анын айтымына, «көптөгөн чет мамлекеттер тууда түндүк (боз үйдүн элементи) турганын билбейт».

«Аларга күн карамадай көрүнөт. Ошондон улам биздин көптөгөн дипломаттарга, сапарга барган жетекчилилерибизге “силер тууңардын ортосуна күн караманы коюп коюп коюпсуңар, силерде күн карама өсүмдүгү баалуу өсүмдүкпү” деген суроолорду беришет да», — дейт ал.

Тууну өзгөртүү сунушу

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин биринчилерден болуп депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов көтөрүп чыккан, алар тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Алар туудагы форманын нурларын өзгөртүүнү сунушташкан.

Алар «түндүк менен күн нурунун көрүнүшүндө диллема пайда болуп жатканын» айтып, «түрдүү чечмелөө бар, сүрөттөлүшү күн карамынын гүлүнө же болбосо боз үйдүн тышкы бетине окшош сыяктуу» деп белгилешкен.

Ал эми тууну өзгөртүү идеясы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тарабынан колдоо тапкан. Өлкө башчысынын айтымында, «Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келди», ошондуктан «тууга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келген». 

Ал туу өзгөрсө «мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот», ал эми Кыргызстан «эч кимдин көзүн карабай, өз алдынча жаркырап өнүгөт деп жакшы ниет кылуу» керек деп эсептейт.

Өзгөртүүлөргө парламенттин айрым депуттары, ошондой эле мамлкеттик символдун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков дагы каршы чыккан. Анын айтымында, депутаттардын туудагы толкун болгон нурларды түз кылып өзгөртүү сунушу — «эң эле жаман вариант, жамандын жаманы».