Үч адамды өлтүрүүгө айыпталып аткан мурдагы күч кызматкерин өмүр бою кесүү сунушталды

Киши колдуу болгон Алтынай Канзаманова жана анын эки баласынын иши боюнча сотто прокурор соттон айыпталуучу Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыратууну, ошондой эле анын бардык мүлкүн конфискациялоону суранды. Сот отуруму 2-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өттү.

Үч адамдын өлүмүнө айыпталып жаткан Ашралиев. Сүрөт: «Клооп»

«Айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденди. Балага карата кылмыш өзгөчө мыкаачылык менен болгонун эске алууну өтүнөм», — деди прокурор.

Автоунаада курал сактоо үчүн мамлекеттик айыптоочу соттон Аширалиевге 100 миң сом айып салууну суранды.

Сотто жабыркаган тараптын адвокаты Искендер Журабаев айыпталуучудан 4 млн 671 миң 590 сом өлчөмүндө материалдык жана моралдык зыян өндүрүүнү да суранды. Буга чейин киши колдуу болгон аялдын туугандары бул каражаттарды кайрымдуулукка жумшашарын билдиришкен.   

Ал эми айыпталуучу болсо бул ирет дагы биринчи берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, соттон өзүнө карата адилеттүү чечим чыгарууну суранды.

Үч адамды өлтүрүү боюнча иши боюнча кийинки сот отуруму 3-ноябрь саат 14:30га дайындалды.

Үч адам өлтүрүлгөн кылмыш 17-февралга караган түнү Бишкектин 5-кичи районунда болгон. Көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде 51 жаштагы аялдын, анын 2005-жылкы кызынын жана жети жаштагы баланын сөөгү табылган.

Кылмышка шектелип 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал 15 жыл УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматында иштегени, Баткен окуругу боюнча Жогоорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгону белгилүү болгон.