Сокулукта колу-буту байланган абалда табылган кыздын ишин акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулук районунда колу-буту таңылган абалда табылган 7-класста окуган кыздын апасы менен жолугуп, ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу «Клоопко» 3-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы мамлекеттик органдардын жетекчилерине кыздын укуктарын коргоо жана «күнөөлүү тараптарды аныктап, кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүү» талабын койду.

«Кыздын апасынын айтымында, [кыз] таштанды төгүп келгени үйүнөн чыгып, жолдо турган жаш жигиттерди көргөн. Кыз алардан апасы ага чейин издеп келүүгө чыккан байкесин “көрдүңөрбү?” деп сураган. Жигиттер анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз артына бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир-бирөө аны башка чапкан, эсин жоготкон. Оозуна тыгылган чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 2-ноябрда акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жабырлануучунун учурдагы психологиялык абалы өтө оор экенин, ал сүйлөшүүгө барбай жатканын «Азаттыкка» билдирген.

«Апасынын айтымында,  алгачкы сурактар кыздын ата-энесинин жана социалдык кызматкердин катышуусусуз өтүп, кызга милиция кызматкерлери тарабынан басмырлоо болгон» , — деген Назаралиева.

24-октябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Биринчи май айылында 7-класста окуган кыз колу-буту таңылып, шымы чечилген абалда көчөдө табылган. Милициядан бул окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын белгилешкен. Өспүрүм кызды мындай абалга ким алып келгени тууралуу маалымат бере элек.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдө окуучу кыз колу-буту таңылган абалда табылды. Окуяны милиция териштире баштады