Чүйдө окуучу кыз колу-буту таңылган абалда табылды. Окуяны милиция териштире баштады

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Биринчи май айылында 7-класста окуган кыз колу-буту таңылып, шымы чечилген абалда көчөдө табылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды

Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда болгон. Эс-учун жоготкон мектеп окуучусун улгайган түгөйлөр таап алышкан. 

«Кыздын колу-буту скотч менен оролгон, оозунда чүпүрөк болгон. Шымы менен ич кийими шыпырылган. Өспүрүм кыздын колундагы таңууну чечип, оозунан чүпүрөктү алганда, өзүнө келген», — деп жазылат маалыматта.

Окуянын күбөлөрү милиция кызматкерлери менен кыздын туугандарын чакырышкан. 24.kg басылмасы кызды багып алышканын, аны менен кошо үй-бүлөдө дагы эки өспүрүм бала тарбияланып жатканын белгилеген.  

Чүй облустук милициясы «Клоопко» окуя тууралуу кыздын кошуналары кабарлаганын тастыктады. Милициядан бул окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын белгилешти.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалды. Бардык жүйөлөр такталып, күбөлөр, кыз жана анын ата-энеси суракка алынды. Азыркы тапта окуянын чоо-жайын аныктоого багытталган иш-чаралар жүрүп жатат, кийин кошумча маалымат берилет», — дешти милициядан.

Аны менен катар, Чүй ОИИБи ЖМК өкүлдөрүн такталган гана маалымат жазууга чакырды.

Буга чейин ички иштер министринин орун басары парламент комитетинин жыйынында жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун саны 20-25%га өскөнүн билдирген. Ал зомбулуктун өсүп жатышын буга чейин мындай окуялар ачыкка чыкпай келгени менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көйгөйү көп жылдан бери эле актуалдуу болуп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кылмышты жашыруу токтоп калды» — Аширхожаев балдарга карата зомбулуктун өсүшү тууралуу